АКШнын президенти Барак Обаманын рейтинги рекорддук деңгээлде төмөн түштү. Америкалык беделдүү маалымат булактарынын сурамжылоосунда Обама жүргүзүп жаткан саясатка өлкө жарандарынын 56 пайызы каршы экени белгилүү болгон. Демек, америкалыктардын 44 пайызы азыркы президенттин ишин колдойт. 2014-жылдын январь айында бул көрсөткүч 49 пайызды, анын президенттик экинчи мөөнөтүнүн башында 60 пайызды түзгөнү айтылды. Мындай сурамжылоо 4-ноябрда өтүүчү АКШ Конгрессине шайлоо алдында жүргүзүлдү. Эксперттердин пикири боюнча, Обаманын рейтингинен улам Демократиялык партия алдыдагы шайлоодо парламенттеги (Сенат) көпчүлүк орунун жоготуп алышы мүмкүн.