Таластагы "Жер-Үй" кенин иштетүү боюнча жарыяланчу сынактын жеңүүчүсү 2015-жылдын март айында белгилүү болот. Муну бүгүн, 3-ноябрда сынактык комиссиянын жыйынында Геология жана минералдык ресурстар агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Сынактын шарттарын өкмөт бекиткенден кийин катышуучулардын документтерин кабыл алуу башталат.
Кенди мурун иштетип келген казакстандык "Визор Холдинг" компаниясы лицензиясынан 2012-жылы ажыратылган. Буга компаниянын келишимдин талаптарын аткарбаганы себеп болгону айтылган. Аталган компания кыргыз өкмөтү менен соттошуп, өлкө сотторунун бардык инстанциясында утулган.
2013-жылдын май айында "Жер-Үйдү" иштетпөө талабы менен Таласта ири митинг өтүп, бир нече адам ачкачылык жарыялоого чейин барган.
Маалыматка ылайык, “Жер-Үй” алтын кенинде алтындын 100 тонна кору бар.