Коргоо кеӊешинин 3-ноябрдагы жыйынында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 90 жыл мурда улуу Мустафа Кемаль Ататүрк улутун, түрк тилин сактап калыш үчүн Куран түрк тилинде окулсун, азан түрк тилинде чакырылсын деп жарлык чыгарууга мажбур болгонун айтты. Мындан тышкары тил реформасын жүргүзүп, түрк элине таандык эмес баш кийимге да, фескага тыюу салганын белгиледи.
Мамлекет башчы айрым молдолорго, саясатчыларга "кыргыз элин ушундай кадамдарга мажбур кылбагыла" деп кайрылды. “Кыргыз элине бирөөнүн кийимин, тилин, үрп-адатын таңуулабагыла! Кыргыз эли, кыргыз жери жакпаса, ошо силерге жаккан элдерге, өлкөлөргө барып жашагыла, эч ким каршы эмес. Биз мусулманбыз. Ислам дини дүйнөдө дайыма болоруна ишенебиз, бирок ошол эле учурда биз кыргызбыз! Кыргыз эли, кыргыз тили да дүйнөдө дайыма болсун деп тилейбиз”,- деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет жетекчиси кыргыздарды ата-бабасы карманып келген жолдон адаштырууга активдүү аракеттер жасалып жатканын кошумчалап, буларды айтты:
“Кыргыздар исламды өз менталитетине жараша, кулк-мүнөзүнө, жашоо шартына, дүйнө таанымына ылайыктап, байыртан башынан өткөн тарыхый оош-кыйыштардын оң-тетири жактарын эске алуу менен акыл калчап, он өлчөп, бир кесип, боюбузга сиңирген калкпыз. Бул жагдайда биз эч бир элди туурабаган, диний фанатизми жок, Алла Тааланын амирине моюн сунган эл элек. Эми ал жолубуздан адаштыргысы келгендер күчөгөндөн күчөп баратат".