Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кеңешчиси Аман Мамбетсеитов ишин айкалыштыруу менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинде Кыргызстандын туруктуу жана ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Мамлекет башчысынын башка жарлыгы менен Нурбек Ильязов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинде Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Аман Мамбетсеитов УКМКнын төрагасынын орун басарлыгынан 2014-жылдын 1-августунда бошотулган эле.