Асылбек Жээнбеков ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуону кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 3-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юки Мокуону кабыл алды. Жолугушууда балдардын абалын жакшыртуу жана алардын укуктарын коргоо жаатындагы өлкөнүн мыйзамдык базасын жакшыртуу маселелери талкууланды. Жээнбеков быйыл октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кылмыштын, зордук-зомбулуктун күбөсү же курмандыгы болгон балдар үчүн юстицияны өнүктүрүү боюнча 2014-2018-жылдарга карата мамлекеттик программа бекитилгендигин белгиледи. Бул документ балдардын укугу менен кадырын урматтап, аларга тиешелүү мамиле жасоону камсыздай турганы айтылды. “Кыргызстандын бийлиги балдардын абалын жакшыртуу максатында зарыл болгон шарттар менен камсыздоочу ченемдик-укуктук базаны түзүү үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө”,- деди спикер.

Юки Мокуо балдарды коргоо жаатындагы мыйзам демилгелерин көтөрүүдө Кыргызстандын парламентинин ордун белгилеп, Кыргызстандын Жогорку Кеңеши менен ЮНИСЕФтин бирдиктүү ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына канагаттангандыгын билдирди. Ал балдардын укуктарын камсыздоо максатындагы өлкөнүн мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча ишти уланткан азыркы чакырылыштагы парламенттин ишмердүүлүгүнүн маанисин белгиледи.

Соңунда төрага биринчи жолу соттолгон жашы жете электер үчүн өзүнчө пенитенциардык мекеме түзүү боюнча конкреттүү долбоорду иштеп чыгууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан