Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитети премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин Талантбек Батыралиевди саламаттыкты сактоо министри кызматына бекитип берүү боюнча сунушун карайт. Жыйында депутаттар талапкердин алдыдагы иш пландары менен таанышышат. Талапкер парламенттеги КСДП фракциясы тарабынан сунушталып жатат.
Айта кетсек, мурдагы министр Динара Сагынбаева 24-сентябрда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен кызматынан бошотулган.