Эсенгул Исаков: “Жергиликтүү бийликке укук берсек, жакшы иштер көбөйөт”

3-ноябрда Аламүдүн районундагы Мрамор айылында мугалимдер үчүн салынган муниципалдык 4 үйдүн ачылышы болду. Ага парламент депутаттары Эсенгул Исаков менен Карганбек Самаков катышканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Андан сырткары айылдын спортзалынын жана асфальт төшөлгөн 7 көчөнүн ачылыш иш-чарасы өттү. 

Депутат Эсенгул Исаков: “Жергиликтүү башкаруу органдарына ыйгарым укук жана ишеним берсек, мындай алгылыктуу иштер арбый тургандыгына ишенем”,- десе, Карганбек Самаков айыл чарба азыктарын сапаттуу сактап, сыртка чыгарууга шарт түзө турган логистикалык борбор жана дүйнөлүк стандарттагы мектеп куруу багытында долбоорлордун үстүндө иштеп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан