Донецк Элдик Республикасынын башчысы Александр Захарченконун (сүрөттө солдо) инаугурациясы бүгүн, 4-ноябрда өтөт. Ушул эле күнү Луганск Элдик Республикасынын жаңы шайланган жетекчиси Игорь Плотницкийдин (сүрөттө оңдо) ант берүү аземи болуп, эки лидер кызматтарына расмий түрдө кирише турганын чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Ант берүү аземине өкмөт өкүлдөрү, Элдик кеңештин депутаттары катышары айтылды. Аталган өлкөлөрдүн башчыларын шайлоо 2-ноябрда өткөн. Жыйынтыгында Захарченко шайлоочулардын 81,37 пайыз добушун алса, Плотницкийге шайлоочулардын 63,08 пайызы добуш бергени жарыяланган болчу. Өлкөлөрдүн парламентине шайлоодо да аталган эки лидер жетекчилик кылган партиялар жеңишти.
Украина бийлиги жана батыш өлкөлөрү шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтышууда.