Кыргызстандагы көмүрдүн бааларына мамлекеттик көзөмөлдөө киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 4-ноябрда өкмөттөн билдиришти. Документке ылайык, кыска мөөнөттүн ичинде бааларды мамлекет тараптан көзөмөлдөөнүн механизмдери түзүлмөкчү. Муну менен көмүрдүн баасын негизсиз көтөрүүлөр, чыгымдар жана ортомчулар кыскара турганы айтылууда. "Атаандаштык жөнүндө" мыйзамдын 9-беренесине ылайык, бааларга мамлекеттик көзөмөлдөөнү киргизүү 90 календарлык күнгө чейин уланат",- деп айтылат маалыматта.