«Электр станциялары» ААКнын Директорлор кеңешинин 3-ноябрда кабыл алган чечиминен кийин ишкананын башкы директору болуп Таалайбек Толубаев дайындалды. Бул тууралуу ишкананын расмий сайты жарыялады.
Т.Толубаев буга чейин «Электр станциялары» ААКнын башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал Фрунзе политехникалык институтунда өнөр жай ишканаларын электр менен камсыздоо адистигин алган. Алгач "Нарынгидрокурулушта" иштеп, кийин Таш-Көмүр РЭСин жетектеген. Мындан сырткары "Ош электрде" башкы директор, Токтогул ГЭС каскадында башкы инженер, директорлук кызматтарды аркалаган.