Кыргызстан Түркмөнстандан импорттолчу электр энергиясын Өзбекстан аркылуу алып өткөнү жатат

“Түркмөнстандан импорттолчу электр энергиясын Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу алып өтүү үч тарапка тең пайдалуу”,- деди 4-ноябрда энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев.

Анын айтымында, учурда түркмөн жана өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. “Өзбекстан биздин сунушту кабыл алды. Бул маселе үч тарапка бирдей пайдалуу болгондуктан, аны олуттуу карап жатабыз. Ал эми импорттолчу электр энергиясынын баасы боюнча так маалымат жок. Анткени бир топ маселелер макулдашыла элек. Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркмөнстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында импорт болобу же болбойбу, эгер болсо электр энергиясынын болжолдуу баасы белгилүү болуп каларына ишеничтебиз”,- деди министр.

Мындан тышкары министр Тажикстандын абалы тууралуу айтты. “Бүгүнкү күндө Тажикстанда да жылытуу маселеси биздикиндей оор болууда. Бул мамлекеттин ичинде техникалык чектөөлөр бар”,- деп толуктады Турдубаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан