"Урмат Аманбаеванын өзү менен байланышмайынча, ага козголгон кылмыш иши тууралуу эч нерсе айта албайм",- деп билдирди
SUPER.KG порталына парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери
Максат Сабиров. Фракция лидери депутат Аманбаева менен байланыша электигин, анын телефону өчүк болуп жатканын кошумчалады.
"Ага кылмыш иши козголгонун кечинде гана билдим, ага чейин кабарым жок болчу",- дейт Сабиров.
Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаевага кылмыш иши ачылганын Башкы прокуратура 3-ноябрда жарыялады. Депутат "коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Ага тагылган айып боюнча прокуратура буларды билдирет:
"У.Аманбаева Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турган убагында мыйзамсыз киреше алуу максатында топ түзгөн. Анын карамагына аталган борбордун директору А.Б., ошол эле борбордогу дарыкананын башчысы Ф.Ш., “Б.” ишканасынын директору М.У. жана башка адамдар кирген.Аманбаеванын талабынын негизинде аталган борбордун медайымдары дарыканадан алынуучу кургак учукка каршы маанилүү препараттардын жана дезинфекциялык каражаттардын санын жогору кылып көрсөтүшкөн. Ал препараттар менен дезинфекциялык каражаттарды “Б.” ишканасы алып келип берет деген шылтоо менен бюджеттен бөлүнгөн акча ишкананын эсебине которулган. Кийин ал акча каражаттарын Урмат Аманбаева жана топ мүчөлөрү өз ара бөлүп алышчу. Мындай коррупциялык көрүнүш 2009-жылдан 2013-жыл аралыгына чейин жүрүп келген. Анын кесепетинен мамлекет 17 миллион 263 500 сом зыян тарткан".