Каржы министрлиги: Октябрда айлыктар үчүн бюджеттен 1 миллиард 702 миллион сом жумшалды

Кыргызстанда октябрда айлык акы үчүн республикалык бюджеттен 1 миллиард 702 миллион сом жумшалды. Муну бүгүн, 4-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, октябрда "Социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 1 миллиард 258 миллион сом, "Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдар" беренеси боюнча 542 миллион сом, "Имараттар жана курулмалар" беренеси боюнча 879 миллион сом жумшалганы айтылды. ктябрь айында ведомстволук классификация боюнча республикалык бюджеттин жалпы чыгашалары 8 миллиард 620 миллион сомду түздү" деп айтылган маалыматта калган акчалар чыгашалардын корголгон жана корголбогон беренелери боюнча жана мамлекеттик карызды тейлөөгө бөлүнгөнү белгиленет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан