Кыргызстандын 100 жараны билимин тереңдетүү үчүн Кытайга жиберилет

Кара-Балта шаарынан жана Жайыл районунан тандалган жергиликтүү 100 жаран билимин тереңдетүү үчүн Кытайга жиберилет. Муну бүгүн, 4-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Бул жарандар "Жибек жолу кадрларын окутуу жана классификацияларын жогорулатуу" программасы боюнча Сиань шаарындагы Түндүк-Батыш университетинен билим алышмакчы. Окутуунун мөөнөтү 10 ай экени, чыгымды Кара-Балта шаарындагы "Жунда" компаниясы төлөй турганы айтылды. Биргелешип түзүлгөн аталган программага ылайык, 10 жыл ичинде Кыргызстандын 1000 жараны Кытайдан атайын окуулардан өтүшмөкчү. Алгачкы 100 жаран эртең, 5-ноябрда жөнөп кетишет. Аларды узатуу салтанаты мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводунда болот.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан