Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин төрайымы Дамира Ниязалиева саламаттык сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиевден Түркияда канча айлык алганын кызыгып сурады.
"Биздеги министрлердин айлыгы канча сом экенин билесизби? Түркияда сиздин айлыгыңыз канча эле, жашырбай айтыңызчы?"- деп сурады депутат. "10 миң доллардан кем эмес айлык акы алчумун. Бул мага жетиштүү болчу. Мен бул жакка акча үчүн келген жокмун, элиме кызмат кылуу үчүн келдим",- деди ал.
Андан сырткары Түркияда 23 жыл жашап келсе да, ал мамлекеттин жарандыгын албай койгонун кошумчалады. "Мен алган маянам күнүмдүк оокат-ашыма жетпегендиктен кеткем, бирок Түркияда ушунча жыл иштесем да, жарандыгын алган жокмун",- деди Батыралиев.