Кыргызстанга акыркы 5 жылда киргизилген автоунаалардын 36 пайызын оң рулдуу унаалар түздү. Муну бүгүн, 4-ноябрда парламенттин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов билдирди. "Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө каттоодон өткөн автоунаалардын саны - 991 888. Мунун 127 383ү оң рулдуу унаалар же жалпы унаалардын 13 пайызын түзөт",- деди министрдин орун басары.
Комитет жыйынында Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралууда.