Депутаттар саламаттык сактоо министрлигине талапкердин Түркиядагы ишин таштап өлкөгө кайтып келгенинен шектеништи

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 4-ноябрдагы жыйынында депутаттар саламаттык сактоо министрлигине талапкер Талантбек Батыралиевдин Түркиядагы ишин таштап Кыргызстанга эмне үчүн келгенине кызыгышты.  Депутат Алтынбек Сулайманов талапкерге "Сиз 23 жыл Түркияда жашаптырсыз. Эмнеге кайтып келдиңиз? "Министр бол" десе эле келип алдыңызбы? Эгер башкы врачтык кызматты сунуштаса келет белеңиз?" деп суроо салды.

Өзүнүн 23 жылдык тажрыйбасын Кыргызстанга жумшагысы келгенин айткан талапкер бул кызмат кокустуктан сунушталганына токтолду. "Кыргызстанга кызмат кылуу ниетим бар болчу. Бирок биринчи ушул сунуш болгондуктан келип отурам, башка кызмат берсе деле иштемекмин",- деди ал. 

Жыйында талапкерге депутаттар бир катар суроолорду берүү менен өз сунуштарын айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан