Кыргызстанда автокырсыктардын 21 пайызына оң рулдуу унаалар катышууда

Кыргызстандагы жалпы автокырсыктардын 21 пайызына оң рулдуу унаалар катышууда. Ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркуловдун айтымында, өлкөдө рулу оң жагында жайгашкан унаалардын көбөйүшү менен жол кырсыктарынын саны да өсүүдө. "Оң рулдуу унаалардын саны жалпы автоунаалардын санынын аз гана бөлүгүн түзгөнүнө карабай, алар катышкан жол кырсыктары жыл сайын өсүүдө",- деген министрдин орун басары сандык көрсөткүчтөрдү мисал келтирди. ИИМдин маалыматы боюнча, 2013-жылы оң рулдуу унаалар катышкан 1472 жол кырсыгы болуп, мындан 267 жаран көз жумса, 2338 жаран жаракат алган. 
Айта кетсек, депутаттар өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып кирүүгө тыюу салуу демилгесин талкуулашууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан