Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы кыргыз жоокерлеринин көйгөйүн тезинен чечүү зарыл. Аймактагы айрым чек ара бөлүктөрүнө көмүр жеткириле электигин, "Муз-Төр" чек ара бөлүгүндө электр энергиясы атайын генератордун күчү менен күнүнө 7 саат гана берилсе, "Кароол-Дөбө" аскердик бөлүгүндө кышында таза суу жеткирүү кыйындай турганы айтылды. Чек арачылардын абалын көргөн депутат Алмазбек Баатырбеков аталган көйгөйлөрдү кар калың жаагыча чечүү керектигин кошумчалайт. Чек ара бөлүктөрүнүн жаңы имараттарын курууга бюджеттен миллиондогон акча керектелерин айткан депутат бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде жакында карала тургандыгын кошумчалады.
Маалыматка таянсак, Нарын облусунун аймагында Кыргызстандын чек арасынын 300 чакырымдан көбүрөөк жери Кытай менен чектешет.