Депутаттар Бөдөш Мамырова менен Дамира Ниязалиеванын ортосунда түшүнбөстүк чыкты

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 4-ноябрдагы жыйынында депутаттар Бөдөш Мамырова менен Дамира Ниязалиева айтыша кетишти. Отурумда саламаттык сактоо министрлигине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралып жатканда Ниязалиева талапкерден коррупция менен кантип күрөшөрүн жана кантип реформа жасай турганын сурады. Суроо берүү кезеги жеткенде Мамырова депутат Ниязалиевага карап: "Коррупцияны жок кылуу боюнча өзүңүздүн тажрыйбаңыздан бөлүшүп кетсеңиз болмок. Анткени сиз да убагында бул министрликти жетектегенсиз",- деди.

Мындай сунуштан кийин Ниязалиева: "Сиз мага комментарий бербеңиз. Мен министр болуп турганда медицина кызматкерлеринин айлыгы бир кыйла көбөйгөн",- деп жооп кайтарды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан