Тармактык комитет оң рулдуу унааларды өлкөгө киргизүүгө тыюу салууну колдоду

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитети 4-ноябрдагы жыйынында жол коопсуздугу үчүн оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салууга багытталган мыйзам долбоорун карады. Оң рулдуу унаалардын саны 36 пайызга көтөрүлгөнүн айткан ички иштер министринин орун басары Рыскулбек Жапаркулов бул демилге аргасыздыктан пайда болуп жатканын билдирди.

Депутаттар азыртадан оң рулдуу унааларга тыюу салынбаса, келечекте сол рулдууларга тыюу салуу керек болуп каларын айтышып, мыйзам долбоорун биринчи окууда колдошту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан