Кербен шаарындагы чек арачылар бала бакчанын имаратын бошотушту

Аксы районунда "Кербен" чек ара бекетинин жаңы имараты ачылды. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак, имаратта кызматтык бөлмөлөр жана 40 адамга ылайыкталган жатакана бар. Аймактагы чек арачылар бүгүн, 4-ноябрда Кербен шаарындагы бала бакчанын имаратын бошотуп беришти. Буга чейин чек арачылар жайгашкан бала бакчанын имараты талашка түшүп жатканы парламентте бир нече жолу көтөрүлгөн эле. 

Жаңы комплекстин ачылышына Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Калмурат Байтөлөев, Ош жана Жалал-Абад облустары боюнча Аймактык чек ара башкармалыгынын жана "Ала-Бука" чек ара кошуунунун кол башчылыгы, облустук жана райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү катышканы айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан