Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 4-ноябрда КРнын "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 2-октябрында кабыл алынган бул мыйзам "Эмгекти коргоо жөнүндө" мыйзамынын жоболорун башка мыйзамдын укуктук-нормативдик актыларына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.