Прокуратурада иштегендердин пенсиясын эмгек стажына жараша көбөйтүү сунушталууда

Кыргызстандагы прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын көбөйтүү демилгеси көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 4-ноябрдагы жыйынында тийиштүү мыйзам долбоору каралып, толуктап иштеп чыгуу үчүн артка кайтарылды. Демилгечилердин айтымында, прокуратура кызматкерлеринин пенсиясын иш стажына жараша көбөйтүү сунушталууда. "Азыркы учурда прокуратура кызматкерлеринин пенсиясынын төмөнкү өлчөмү 1,5-2 миң сомду түзөт. Бул өтө эле аз. Ошондуктан булардын пенсиясын иш стажына жараша көбөйтүү жолун сунуштап жатабыз",- дейт депутат Курмантай Абдиев.

Мыйзам долбооруна ылайык, 15-20 жылдык стажы бар кызматкерлердин пенсиясы 0,5 эсеге, 20-25 жылдык стажы барлардыкы 0,75 эсеге, 25 жылдан ашык стажы барлардыкы 1 эсеге өсмөкчү.

Акчанын аздыгын айткан Каржы министрлиги мыйзам долбооруна каршы. Демилгечилер эми аталган министрлик менен макулдашууга аракет кылышмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан