2014-жылдын январь-сентябрь айларында республикалык бюджеттен мамлекеттик тышкы жана ички карызды тейлөөгө жалпысынан 10 миллиард 78,3 миллион сом сарпталды. Анын ичинен мамлекеттик тышкы карыз боюнча 3 миллиард 646,6 миллион сом, мамлекеттик ички карыз боюнча 6 миллиард 431,7 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу 4-ноябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2014-жылдын 9 айында (январь-сентябрь) мамлекеттик карыздын тейлениши:
(миллион сом менен)
| Негизги сумма | Пайыздар | Бардыгы |
Мамлекеттик тышкы карыз | 1 932, 244 | 1 714,383 | 3 646,627 |
Мамлекеттик ички карыз | 5 552, 279 | 879,430 | 6 431, 709 |
Бардык мамлекеттик карыз | 7 484, 523 | 2 593, 813 | 10 078, 336 |