Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 47 миллион акциясына арест коюлушун, буга өкмөттүн көрүп жаткан чарасын талкуулоону артка жылдырды. Мындай чечим комитеттин 4-ноябрдагы жыйынында комитет төрагасы Кожобек Рыспаевдин сунушу менен кабыл алынды. Рыспаев өкмөттөн маселени карбай туруу боюнча кат келгенин айтып, кийинчерээк кароону сунуштады.
Эскерте кетсек, жакында Канаданын Онтарио провинциясынын Жогорку Соту Кыргызстандын "Центерра Голд" компаниясындагы 77 миллион акциясынын 47 миллионуна (жалпы акциясынын 60 пайызы) арест койду. Мунун себеби - Кыргызстандын "Станс Энерджи" фирмасына 118 миллион доллар компенсация төлөп бербей койгону. Сот чечимине ылайык, кыргыз тарапка аталган акцияларды сатууга, пайдаланууга, алмашууга, өздөштүрүүгө жана күрөөгө коюуга тыюу салынды.
Аталган фирма "Куттуу-Сай 2" кенин иштетүүгө лицензиялык макулдашуунун мөөнөтүн узартууну жараксыз деп табуу боюнча сот процессинин башталганы үчүн 118,2 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждык соттун чечимин аткарууну Кыргызстандан талап кылууда.