Азия өнүктүрүү банкынын президенти Такехико Накао 5-6-ноябрь күндөрү иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда Т.Накао өлкө башчы Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана каржы министри Ольга Лаврова менен жолугушат.
Ошондой эле "Борбор Азиялык аймактардын экономикалык кызматташтыгы" аттуу министрлер конференциясында баяндама жасайт. КРнын Экономика министри Темир Сариев төрагалык кылган конференцияга өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин да катышуусу күтүлүүдө.