Калктын биометрикалык маалыматтарын жыйноо иши солгундап кетти. Бул тууралуу депутат Абдыманап Кутушев Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 4-ноябрдагы жыйынында билдирди.
Анын пикиринде, элдин биометрикалык маалыматын жыйноону тездетпесе, 2015-жылдагы парламенттик шайлоого көпчүлүк жарандардын кирбей калуу коркунучу бар.
"Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев өзүнүн биометрикалык маалыматын бербегендер парламенттик шайлоодо добуш берүү укугунан ажырашы мүмкүн экенин айтып жатат. Бул иштин башталганына 2 ай болду, бирок 15 миң гана адам маалыматын тапшырыптыр. Демек, тездетиш керек", - деди депутат.