Айылдардагы калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн керектүү жабдуулар аймактарга жибериле баштады. Бул тууралуу мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Бактыбек Секимов Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 4-ноябрдагы жыйынында билдирди. Секимов маалыматтарды чогултууга аймактарга 950 пункт ачуу пландап жатканын айтты. "Бишкекте 50 пункт ачылды. Региондорго да ачып, ишти тездетебиз",- деди ал.