Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 4-ноябрда мусулман-исмаилиттердин лидери, ханзаада Карим Ага-хан IV менен жолугушту. Жолугушууда Ага-хан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнө тийиштүү маселелер кеңири талкууланганын өкмөттөн кабарлады. Экономикалык, социалдык жана маданий кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулганы айтылды. Оторбаев аталган уюмдун саламаттыкты сактоо, билим берүү тармагындагы иштерин жогору баалай турганын, кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө өкмөт кызыкдар экенин билдирди.
"Кыргызстандагы Ага-хан өнүктүрүү тармагы өзүнүн уникалдуу моделине ээ. Маанилүү багыттарынын бири - тоолуу аймактарды өнүктүрүү программаларын ишке ашырууну колдоо",- деди премьер-министр.
Оторбаев Кыргызстанда саясий туруктуулук калыптанып, инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.