Айнуру Алтыбаева: "ОБОН эркек саясатчылардын колундагы курал болуп калды"

Депутат Айнуру Алтыбаева: "ОБОН эркек саясатчылардын колундагы курал болуп калды",- деп билдирди бүгүн, 4-ноябрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында. Анын айтымында, ОБОН - саясатта өз максатына жетүүнү көздөгөн эркек саясатчылардын ойлоп тапканы. "Саясатка аралашам" деген аялдар курал болбошу керек",- дейт Алтыбаева. Жыйында депутаттар жергиликтүү кеңештерден кеткен депутаттын ордуна ошол жыныстагы гана адамдын келишине жол ача турган мыйзам долбоорун талкууга алышты. Комитет аны биринчи окууда жактырып, парламенттин кароосуна киргизди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан