Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-ноябрда ханзаада Карим Ага-хан IV менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Ага-хан өнүктүрүү түйүндөрү менен кызматташуу, бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашканын парламенттен билдиришти. Парламент жетекчиси Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин курулушунун зарылдыгын айтып, бул окуу жай өлкөнүн билим берүү системинин флагмандарынын бири болоруна ишенерин белгиледи. “Бул долбоордун ишке ашырылышы менен облуста комплекстүү инфраструктуралык өзгөрүүлөр болот. Ага-хан өнүктүрүү түйүнү буга чейин эле бир нече чакырым жол салып, сейил бак ачып, Нарын шаарына 60 миңден ашуун көчөт отургузууга көмөк көрсөттү”,- дейт Жээнбеков.
Карим Ага-хан IV Кыргызстанга Нарын шаарындагы БАУнун курулушу менен таанышуу үчүн келгенин билдирди. “Ага-хан фонду жаштардын сапаттуу билим алуусу түздөн-түз көз каранды болгон мектептерди, мектепке чейинки билим берүү мекемелерин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат”,- деген өкүл Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын кошумчалады.