Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши парламенттин 5-6-ноябрындагы жыйындарынын күн тартибин жана ноябрь айынын календардык планын бекитти. Жогорку Кеңеш 5-ноябрда саламаттыкты сактоо министри кызмат ордуна талапкерди жактыруу маселесин карайт. Мындан сырткары жыйында бир катар мыйзамдарга, анын ичинде "КРнын ички иштер органдары жөнүндө", "Кыргызстанда укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө", "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү демилгелерин кароо пландалып жатат.
Кылмыш жана жаза, Салык кодекстерине түзөтүү киргизүү маселелери да каралмакчы.