Кыргызстандын жергиликтүү кеңештеринде депутаттардын 11 пайызын аялдар түзөт. Муну депутат Айнуру Алтыбаева 4-ноябрда парламенттин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында айтты. Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо гендердик тең укуктуулук сакталбай жатканын билдирген депутат: "Кыргызстандын калкынын 53 пайызын аялдар түзөт, бирок каржылык чектөөлөрдөн улам алар саясаттан тышкары калууда",- дейт.
Айта кетсек, парламентте жергиликтүү кеңештерден кеткен депутаттын ордуна ошол жыныстагы адамды гана депутат кылууга багытталган мыйзам долбоору талкууланууда.