Асылбек Жээнбеков "алдыдагы парламенттик шайлоо атаандаштык мүнөздө өтүшү керек" деди

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 4-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысынын жардамчысы Жихан Султаноглуну кабыл алды. Төрага өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга токтолуп, Кыргызстандын бийлигине парламенттик шайлоолорду ачык-айкын жана таза өткөрүүгө даярдык көрүү негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. "Кыргызстанда парламенттик демократияны мындан ары туруктуу өнүктүрүү алдыдагы парламенттик шайлоолорду уюштуруу жана өткөрүү деңгээлине жараша болорун түшүнөбүз. Шайлоолор ачык-айкын, атаандаштык мүнөздө жана Конституцияда белгиленген мөөнөттө өтүшү керек",- деди төрага.

Жихан Султаноглу БУУ мындан ары да Кыргызстан менен тыгыз кызматташарын ырастады. "Биз Кыргызстанга шайлоо боюнча зарыл болгон көмөктү көрсөтө турган донорлорду тартабыз",- деп билдирди ал.  

Тараптар Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдар тармагын өнүктүрүү жөнүндө да пикир алышты. Бул боюнча төрага: "Жарандык коом – биздин жетишкендик. Ал бизде кыйла жигердүү болгондуктан, биз парламенттик демократия жагына ыктадык",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан