Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин мурунку жетекчиси
Чыӊгысбек Узакбаевди сот күнөөлүү деп тапты. Бишкектин Биринчи Май райондук соту 4-ноябрдагы чечими менен экс-министрди 5 миллион сом айып пул төлөөгө милдеттендирди. Соттук иштердин аягына чейин күнөөсүн моюнга албай келген Ч.Узакбаев жыйынтыгында "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп табылды.
Эскерте кетсек, Узакбаевге кылмыш иши 2014-жылдын март айында ачылган. Ал министр болуп турганда өзүнүн бир тууганы С.Узакбаев жетектеген “Бапа” дыйкан чарбасына мыйзамсыз түрдө 419 миң доллар насыя берүү үчүн кол алдындагыларга буйрук бергени айтылган. Аталган дыйкан чарба насыя алуучуларга тийиштүү болгон талаптарга жооп берген эмес.