АКШ: Конгресске шайлоодо демократтар утулганы айтылууда

АКШ Конгрессинин Өкүлчүлүк палатасына жана Сенатына шайлоодо Республикалык партия озуп чыкты. Муну бир катар чет элдик маалымат булактары 5-ноябрда жарыялашты. Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, "республикачылдар" Өкүлчүлүк палатадагы көзөмөл жүргүзүү укугун сактоодо (242 орун алары айтылды, буга чейин 233 орунду ээлеп келишкен). Өкүлчүлүк палатада жалпы 435 орун бар. 
Республикалык партиянын өкүлдөрү Сенатта да көпчүлүк орунду ээлей турганы кабарланууда. Буга чейин Сенаттагы орундардын көбү жана көзөмөлдүк жүргүзүү укугу Демократиялык партияга таандык болчу. Республикачылдар бул жолу 43 орунду, Демократиялык партия 41 орунду камсыз кылууга жетишкен. Буга чейин 53 орун демократтарга, 45 орун республикачылдарга, 2 орун көз карандысыз өкүлдөргө караштуу эле. Республикачылдар Сенатта көзөмөлдүк кылууга зарыл болгон 6 орундун (45+6=51. Сенатта 100 орун бар) үчөөсүн оппоненттеринен тартып алууга жетишкени айтылууда.  
Мындай көрсөткүч 2006-жылдан бери Республикалык партиянын биринчи жолу кош палатада көзөмөлдүк кылуусуна мүмкүнчүлүк түзүүдө. Муну менен аталган Митч Макконнелл (сүрөттө солдо) жетектеген партия күн тартибин аныктап, буга кошумча демократ-президент Барак Обама үчүн олуттуу кыйынчылыктарды жаратуу укугун алганы жатат.  
Айта кетсек, буга чейин эксперттер АКШда Барак Обаманын рейтинги өтө төмөндөп кеткенин, мунун кесепети Демократиялык партиянын Конгресстеги көп орундарын жоготууга алып келиши мүмкүн экенин айтып келишкен эле. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан