Жогорку Кеңештин депутаттары Москвадагы кыргызстандыктар менен жолугушат

Спикер Асылбек Жээнбеков баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы эртең, 6-ноябрда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясы кеңешинин көчмө жыйынына катышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Иш сапар алкагында спикер Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушат. Ошондой эле ЖККУ ПАга мүчө мамлекеттердин дагы башка парламенттик делегация башчылары менен да жолугушмакчы.

Жогорку Кеңештин делегациясы Москва шаарында жашаган кыргыз диаспорасы, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин дипломатиялык курамы менен жолугушат. Делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Баатырбеков, Туратбек Мадылбеков, Дамира Ниязалиева бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан