Талантбек Батыралиев: "Жаш кардиологдорду өстүрүүгө бүт күчүмдү жумшайм"

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Талантбек Батыралиевдин саламаттыктыкты сактоо министри кызматына талапкерлиги талкууланууда. Жыйындын жүрүшүндө депутат Азамат Арапбаев талапкерди колдоорун билдирди. "Мен сизди мыкты кардиолог деп эсептейм. Сиз бир топ адамдын өмүрүн сактап келгенсиз. Эми министр болуп калсаңыз, өлкө таланттуу кардиологдон айрылат деп ойлойм",- деди депутат.

Батыралиев чет өлкөдөн топтогон тажрыйбасын медицина тармагын өнүктүрүүгө колдоноруна убада берди. "Республикада жаш кардиологдорду өстүрүүгө бүт күчүмдү жумшайм. Аларды чет өлкөлүк заманбап технологиялар менен тааныштырууга иш-чараларды уюштурууга даярмын",- деп жооп берди талапкер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан