Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Исмаил Исаков саламаттык сактоо министрин дайындоо боюнча өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев конституциялык норманы бузганын айтып, анын жоопко тартылыш керектигин билдирди. Муну депутат саламаттык сактоо министрлигине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралып жатканда айтты.
“Конституцияга ылайык, министрликке талапкер 5 күндүн ичинде парламентте жактырылып, кызматка дайындалышы керек болчу. Мурдагы министр Динара Сагынбаева кызматтан 24-сентябрда алынган, андан бери 42 күн өттү. Буга эми ким жооп берет? Өкмөтпү же талапкерди сунуштаган фракциябы? Кимдир бирөө жооп бериши керек да. Өкмөт мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылышы керек. Бул иш боюнча прокуратура премьер-министр Жоомарт Оторбаев же вице-премьер-министрлерди жоопко тартышын талап кылам”, - деди Исаков.