"Аялдар келбеттерин сактап калыш үчүн кесарево жолун тандашат" дейт Талантбек Батыралиев

Бүгүн, 5-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министрлигине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралууда. Жыйын жүрүшүндө депутаттар аймактарда кесарево жолу менен төрөгөн айымдардын саны көбөйүп жатканын айтышты. "Мындай ыкма эненин ден соолугу үчүн зыян. Бирок буга карабастан акушерлер кесарево жолу менен төрөтүүнү өткөрүшүүдө. Бизге мындай нерсенин кереги жок",- дешти депутаттар. Бул боюнча министрликке талапкер буларды айтты:
"Тилекке каршы, аялдар бул ыкманы келбеттерин сактап калыш үчүн тандашат. Көбүнчө мындай кадамга Европадагылар барышат. Кесарево жолуна барууга тиешелүү керектүү көрсөткүчтөр керек. Албетте, мен бул маселеге катуу көңүл бурам". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан