Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министрлигине Талантбек Батыралиевдин талапкерлиги каралууда. Жыйында депутат Мирлан Бакиров учурда өлкөдө 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар бөйрөк оорусунан улам гемодиализ жабдуусуна кезекте турганын билдирди. "Бул маселени чечүү зарыл. Биз оорунун алдын алуу, профилактикалык иштерди жүргүзүү жагынан аксап жатабыз",- деди депутат.
Депутат Карамат Орозова Баткен облусунда гемодиализ жабдуусунун жоктугунан аймактын тургундары Ош жана Бишкек шаарларына барууга аргасыз болуп жатканын кошумчалады.