Кыргызстандын Бажы союзуна жана Европа экономикалык союзуна кирүүсүнүн пайда-зыянына комплекстүү баа берүү ишин жүргүзүүчү жумушчу топ иштөөдө. Жумушчу топтун алгачкы отуруму 4-ноябрда экономика министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында өтүп, ага министрликтер менен мекемелердин жетекчилери, Улуттук банктын, Улуттук статистика комитетинин, облустук администрациялардын өкүлдөрү катышты. Сариев жумушчу топтун алдына коюлган тапшырмаларды эскертти жана тармакка тийиштүү орчундуу маселелер боюнча суроо-жооп болгонун Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.