"Жер-Үй" кени боюнча өтүүчү сынактын шарттары аныкталды

Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү боюнча өтүүчү сынактын негизги шарттары түзүлдү. Муну бүгүн, 5-ноябрда Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги билдирди. Сынактык комиссиянын жыйыны 3-ноябрда өтүп, анда сынакка катышуучуларга коюлчу негизги талаптар, документ иштери, сынактын этаптары, кендин баштапкы баасы талкууланды. Талкуу соңунда кенди иштетүү укугунун баасы 100 миллион доллардан кем болбошу керек деген чечимге келишкен. Сынак 2 этап менен өтөт. Биринчи этапта сынактык комиссия катышуучулардын документтерин кабыл алуу, алардын талаптарга жооп беришин жана катышуучуну 2-этапка өткөрүү же өткөрбөөнү аныктоо иштери менен алектенет. Мындан тышкары документтердин тизмеси расмий жарыяланган күндөн кийинки 60 күндүн ичинде катышуучулар документтерин Геология агенттигине берүүгө милдеттүү. 
Экинчи этапта сынактын экинчи этабына өткөн катышуучулар 30 күндүн ичинде Геология агенттигине кенди иштетүү программасы камтылган документтерди көрсөтүүгө милдеттүү болушат.  
Сынактык комиссия кабыл алган мындай чечим (документ) жакын арада өкмөттүн кароосуна киргизиле турганы айтылды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан