Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында депутат Максат Сабиров кылмыш иши козголгон депутаттар боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угууну талап кылууда. “Өткөн жумада депутат Каныбек Осмоналиевге, бул жумада Урмат Аманбаевага кылмыш иши козголду. Биз бул жерде карап турбай, прокуратуранын жообун, депутаттардын пикирин угалы. Болбосо, депутаттык комиссия түзөлү”,- деди Сабиров.
Депутат Бөдөш Мамырова кесиптеши Урмат Аманбаевага дароо эле 303-берене (коррупция) менен кылмыш козгоо туура эмес экендигин айтып чыкты. "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыптаса деле болмок”,- деди ал.