Депутаттар өздөрүн талаа жаныбарларына окшоштурушту

Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында депутаттар бири-бирин кайдыгер болбоого чакырышууда. Депутаттар кесиптештерине кылмыш иши козголгон учурда парламент унчукпай жатканын сындап, бул көрүнүштү жапайы айбанаттардын үйүрү менен салыштырышып: "Талаадагы антилопалардай эле кетип бара жатабыз. Четибизден кол салуу болуп, арстан улам бирөөбүздү басып калууда. Биз реакция жасаган жокпуз. Жаманбы, жакшыбы, 4 жыл чогуу кызмат кылдык, иштештик. Бул маселе боюнча пикирибизди билдирип коюшубуз керек",- дешти.

Парламент бүгүн айыпталып жаткан депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Урмат Аманбаева боюнча Башкы прокуратуранын маалыматын угушат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан