Парламент айыпталып жаткан депутаттардын ишин иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзөт

Парламент прокуратура тарабынан айыпталып жаткан депутаттар Каныбек Осмоналиев менен Урмат Аманбаеванын ишин иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзөт. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 5-ноябрындагы жыйынында кабыл алынды. Депутаттык комиссиянын курамына 5 фракциядан экиден депутат кирмекчи. Андан сырткары депутаттар бүгүн, 5-ноябрдагы жыйында бул иш боюнча прокуратуранын маалыматын угушат. 

Эскерте кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриенттин окууга киргендигинин мыйзамдуулугун текшерип чыккан. Каныбек Осмоналиев Билим берүү министрлигине жана окуу жайдын ректоратына кайрылып, студенттерди окуу жайга кабыл алууну суранган. Бул текшерүүгө негиз болгон. 

Ал эми депутат Аманбаева "коррупция" беренеси менен айыпталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан