"Бишкек суу-канал" ишканасы салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөчүлөрдүн тизмесинен чыгарылууда. Тийиштүү мыйзам долбоорун депутаттар Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы отурумунда жактырып, 2-окууда добуш берүүгө жиберишти. Каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин айтымында, инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө кеткен төлөмдөр ордо калааны суу менен камсыз кылган ишканасынын чыгымдарын көбөйтүп жаткандыктан, алар тарифтерди көтөрүүгө аргасыз болушууда. Мындай кадам социалдык кыйынчылыктарга алып келет. Ошондуктан аталган ишкананын каржылык чыгымдарын ушундай жол аркылуу азайтуу сунушталууда.