Курманбек Осмонов өлкө жарандарынын баары аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү экенин айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов өлкө жарандарынын баары аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү экенин айтты. Муну депутат парламенттин 5-ноябрдагы жыйынында билдирди. Жыйында айрым диний секталарга мүчө болгон жарандарды аскердик кызмат өтөөдөн бошотууга, ал үчүн төгүлгөн акчаны атайын эсепке топтоого багытталган мыйзам долбоору каралды. Депутаттардын көбү демилгеге каршы чыгышты. Депутат Курманбек Осмонов“Биз баптист, иегованын мүчөлөрүнө аскерге барбай коюуга мүмкүнчүлүк берсек, анда биздин мамлекеттүүлүгүбүз кайда калат? Эртең баары аскер кызматына барбай, дин агымдарына байланып калышат”,- деди. 

Мыйзам долбоорун депутаттар артка кайтарышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан