Жогорку Кеңештин 5-ноябрдагы жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралып жатат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиевдин айтымында, мыйзам долбоору жергиликтүү аймактарда этностор аралык мамилелердин абалы үчүн, мамлекеттик бийликтин, жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин күчөтүүгө багытталган. “Айыл жерлеринде чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды уюштуруп, керек болсо кыз берүү, кыз алууда да түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек”,- деди ал.
Депутат Надира Нарматова аталган мыйзам долбооруна каршы чыкты. “20-22 жаштагы жигиттер айыл өкмөтүнүн башчысы болуп жатышса, улуттар аралык араздашууларга кантип алдын ала чара көрө алышат? Биз алгач кадрларды жакшылап тандашыбыз керек",- деди депутат.